Кулматов менен Ибраимовдун соту 20-мартта уланат

632

Мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароо 20-мартта уланмай болду. Бишкектин Ленин райондук сотунда Кулматов айыптоочу корутунду менен тааныша электигин билдирди.

Мындан улам, кароо бир жумага жылды. Өткөн аптада мурдагы эки мэрдин иштерин бириктирип кароо чечими чыккан. Жалпысынан бул ишке байланыштуу дагы 15 кишиге айып коюлган.

Кубанычбек Кулматов Бишкекте Кытайдан алынган грантка мектеп салууда жемкорлукка барган деп күнөөлөнүп жатат. Ушул эле иш боюнча Албек Ибраимов дагы айыпталууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.