Кулпунай эккен дыйкандар түшүмсүз калуу коркунучуна кабылды (видео)

2022

Чүйдө сугат суунун жоктугунан кулпунай эккен дыйкандар түшүмсүз калуу коркунучуна кабылды. Учурда Аламүдүн районунун чыгыш тарабындагы 30 гектардан ашык аянт суу жетпей куурап турат.

Айласы кеткен дыйкандар жер-жемиш соолуп калганча болгонун терип, сатып жиберүүгө үлгүрүп калууга жан талашууда. Негизи норма боюнча Аламүдүн каналында 400 литр агып турушу керек эле. Бирок азыр келип жаткан суунун көлөмү 100 литрге дагы жетпейт.