Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдык мааракеси белгиленди (видео)

1191

Бишкекте көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөрүлүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

Кеченин алкагында Күлүйпа Кондучалованын өмүр жолуна арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, коомдук ишмерге арналган даректуу тасма көрсөтүлдү. Салтанат өнөрпоздордун концерти менен уланды.