Кумарканада бир түндө 205 миң сомун уттуруп жиберген жаран (видео)

2557

Бинардык опциондун атына жамынып, көмүскө казинолор дагы деле иштеп жатат. Дал ушундай арыздануулар акыркы убактарда көп түшүп жатканын Ички иштер министрлигинен билдиришти. Биздин редакцияга брокердик компания же башкача айтканда финансылык биржага ири суммадагы акчасын уттуруп жиберген адам кайрылды.

Ал укук коргоо органдарына арыз жазганы менен тартип сакчылары кабыл албай койгонун билдирди. Бишкек шаарынын тургуну 4 жылдын ичинде 3-4 миллион сомун уттуруп жиберген.