Кумшекер 70, өсүмдүк майы 130 сомдон кымбат сатылбайт (видео)

2885

Мындан кийин кумшекердин 1 килограммы 70, ал эми өсүмдүк майы 130 сомдон кымбат сатылбайт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев маалымат жыйында билдирди. Айтымында, учурда соода түйүндөрүнө аталган азыктар жетиштүү көлөмдө таратыла баштады. Ал арада, азык-түлүк базарындагы акыркы кырдаалга байланыштуу Айыл чарба министрлиги да билдирүү таратып, өлкөдө буудайдын жана калкка эң керектүү болгон продукциялардын кору жетиштүү көлөмдө экенин айтты.

Бирок кечээ Россия өкмөтү дан өсүмдүктөрүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттого тыюу салган чечим кабыл алды. Бул өз кезегинде ун өндүрүүчүлөрдү ойлонтууда. Себеби сырттан буудай келбей кала турган болсо, өлкөдө ундун тартыштыгы жаралып, анын кымбатташына алып келиши мүмкүн.