Кумшекер импорттоонун артында кандай таасирдүү адамдар турат? (видео)

531

Дыйкандар сырттан шекер ташууга тез аранын ичинде тыюу салынбаса, миңдеген айыл чарбачылар сызга отуруу коркунучунда калат деп коңгуроо кагышууда. Бирок жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча Экономика министрлигинде азырынча эч кандай сунуш жок экен.

Кыргызстанга кумшекер Украина, Россия жана Белорустан импорттолот. Аталган эки өлкө ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, шекер ташууга тыюу салууга мүмкүн эмес, дешет эксперттер. Жергиликтүү ишкерлерди колдоонун башка жолдору барбы?