Кумшекер менен өсүмдүк майы жакында арзандайбы? (видео)

1500

Биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баасын 20 пайыздан кымбат саткандарга айып пулдун өлчөмү көбөйтүлүшү мүмкүн. Азыр штрафтын өлчөмү 13 миң сомго чейин жетсе, жакын арада бул сумма 28 миңге көтөрүлүшү ыктымал. Мындай демилгени Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көтөрүп чыкты.

Учурда аталган мекемеге баалар боюнча пландалбаган текшерүү жүргүзүүгө уруксат берүү маселеси каралып жатат. Кызматкерлер каалаган учурда базар, соода түйүндөрү, дүкөндөргө, күркөлөргө барып, азык-түлүктөрдүн баасы боюнча рейд уюштура алат. Эгерде кимдир бирөө кымбат сатып жатканын байкап калышса, ишкерлерге айып сала алышат.