Кумшекердин баасы дагы жогорулашы мүмкүн (видео)

1991

Жакынкы күндөрү кумшекерге болгон баа дагы жогорулашы мүмкүн. Буга быйылкы кант кызылчасынын түшүмүнүн аздыгы себеп болууда. Айыл-чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, былтыр өлкөдө 600 миң тонна кант кызылчасы жыйналып алынса, быйыл бул көрсөткүч 400 миң тоннага эле жетет деп болжолдонуп жатыптыр.

Ал эми андан өндүрүлгөн кумшекер жалпы керектөөнүн 35 пайызын гана камсыз кыла алат. Андыктан тыштан ташылып келген кумшекердин көлөмү дагы көбөйтүлүшү ыктымал. Ал арада дыйкандар кызылчанын түшүмүн жапырт жыйноого өтүштү.