Кумшекердин баасы эмне себептен көтөрүлүүдө? (видео)

1076

Өлкөдө кумшекер кескин кымбаттады. Кумшекердин дүң баасы 54 сомго жетсе, чекене 60 сомдон сатылууда. Карапайым калк шекерди колдонууну азайтса, ата-мекендик өндүрүүчүлөр ишин токтотууга аргасыз болушууда. Айрымдарында, банкрот болуп калуу коркунучу бар.

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев 3 айдан соң азыктын дал ушул түрүнүн кору түгөнөт десе, азыркы жетекчилиги тынчсызданууга негиз жок, кумшекер жетиштүү деп ишендирүүдө. Андай болсо, шекердин наркы эмне себептен жогорулап жатат?