«Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөр уланууда (видео)

873

Кумтөр боюнча сүйлөшүү учурунда Центерра дагы кошумча 40 тонна алтыны бар 16 миң гектар жерди алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. Алардын айтымында, канадалыктар айрым төлөмдөрдү көбөйтүүнү убадалап, бирок Кыргызстан тарапка эки чоң шарт коюуда.

Өкмөт буга чейинки экологиялык доолбордун баарынан баш тартып, 16 миң гектар жерди иштетүүгө уруксат бериши керек. Мындай сөздөр жүрүп жатканын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов четке каккан жок. Бирок азырынча бир нерсе деп айтуу эртелик кылат, дейт аткаминер. Анын айтымында, тараптар төлөмдөр боюнча орток пикирге келип жатышат. Ошол эле учурда чечиле элек дагы маселелер бар экен.