Кумтөр боюнча жаңы макулдашуу (видео)

603

Мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер Кумтөр ишканасына кен казуу үчүн берилип кетти деген маалымат калп. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин тармактык комитетинде билдирди.

Аткаминердин айтымында, өкмөт 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 2012-жылы артка алынган 16 миң гектар жерди кайтарып берди. Эми макулдашуунун негизинде бюджетке 150 миллион доллар түшөт деп күтүлүүдө.