Кумтөр: денонсация же улутташтыруу (видео)

727

Саясий топтор “Кумтөр” кенине байланыштуу эки мыйзам долбоорун талкууга коюшту. Анда кенди иштеткен фабриканы улутташтыруу же азыркы келишимди бузуп, жаңысын түзүү каралган. Демилгечилер мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн баш мыйзамда каралгандай 10 миң кишинин колун топтоого даяр.

Деген менен айрым эксперттер, кен ансыз деле Кыргызстанда жайгашкандыктан улутташтыруунун ордуна 2009-жылы мыйзам бузуу менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу керек дешет. Кумтөргө байланыштуу буга чейин деле көптөгөн демилгелер көтөрүлгөн.