«Кумтөр» ишканасынан уткан кызматкер соттон утту (видео)

566

Жумуштан мыйзамсыз кетирилген кызматкер төрт жылдан кийин жумуш ордуна кайтып барат. Мындай чечимди Жогорку Сот чыгарды. Ал өкүмгө ылайык, жумушчуну иштен негизсиз бошоткон «Кумтөр Оперейтинг» компаниясы кызматкерди ордуна гана кайтарбастан, ага бир жылдык маянасын компенсация ирээтинде төлөп берүүгө милдеттендирди.

Өз укугун коргоп, ири компанияларга каршы доо арыз менен кайрылып, утуп алган мындай көрүнүш акыркы жылдары биринчи жолу катталууда. Кызматкердин бул сотто жеңип чыгышы — жумуштан мыйзамсыз кетирилип, азыр соттошуп жүргөн башка кызматкерлерге дагы жакшы өрнөк болмокчу, дешет юристтер.