Кумтөр ишканасынын ири банктардагы эсептери тоңдурулду (видео)

2499

“Кумтөр Голд компани” ишканасынын 3 жетекчисине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу убактылуу тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк билдирди. Ошондой эле, компаниянын ири банктардагы эсептери тоңдурулуптур. Алар чет өлкөдө жайгашкан.

Азыркы тапта “Кумтөр” ишканасын кризистен чыгаруу үчүн план иштелип, 2 айлык чыгымды жаба тургандай 49 миллион доллар топтолгон. Андан кийинки айларга дагы каражат булактары табылууда. Кечээ Улуттук банк менен 29 миллион долларга келишим түзүлүп, өндүрүлгөн алтындын алгачкы партиясы сатылганы белгилүү болду.