Кумтөр келишимин аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына жылдырылды

856

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен былтыр кабыл алынган стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароону келерки жылга жылдырды. Аткаруу бийлиги азырынча анын себептерин түшүндүрө элек.

“Центерра” компаниясы тараткан маалымат боюнча сөз болуп жаткан макулдашууну аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына жылдырылды.

Буга чейин өкмөт келишимди аткарууну 2-ноябрга чейин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Былтыр кол коюлган жаңы келишимге ылайык “Центерра” Кыргызстанга жылдык экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 млн. долларга көтөрүп, жаратылышты коргоо фондуна 50 млн., онкологиялык борборго 10 млн. доллар которууга макул болгон. “Жаратылышты калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп туруу макулдашылган. Өкмөт анын ордуна 2013-жылы «Центеррага» койгон экологиялык 7 млрд. сомго жакын доодон баш тартмак.

Быйыл 14-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2017-жылдын 11-сентябрында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон келишимди жакшыртуу керектигин айткан. Ал стратегиялык келишим азырынча күчүнө кире электигин жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна кайра алып келерин убада кылган.

«Центерра» Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. Андагы Кыргызстандын үлүшү азыр 26,6 пайызды түзөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.