«Кумтөр» кени суу үчүн КРга 13,5 млрд сом төлөөдөн баш тартууда (видео)

1112

Кумтөр ишканасы Кыргызстанда сууну бекер колдонуп келет. Бул компания бир жылда эле 5 миллиард метр кубдан ашык суу пайдаланаарын эске алганда, жылына бюджетке 14 миллиард сом төлөнүшү керек. Бирок 2009-жылы түзүлгөн келишимди бетке кармап, бул каражатты төлөөдөн баш тарткан. Бул тууралуу парламенттеги тармактык комитеттин жыйынында суу кодекси жана “Суу жөнүндө” мыйзамдары талкууланып жатканда айтылды. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бул мыйзамдарга өзгөртүүнү сунуштап жатат. Кыргызстанда суу товар катары каралганы менен аны кимдер төлөш керек жана ким төлөмдөн бошотулаары так жазылган эмес.