Кумтөр кениндеги алтындын кору 2026-жылы түгөнөт (видео)

806

Кумтөр кениндеги алтындын кору 2026-жылы түгөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин отурумунда айтылды. Эл өкүлдөрү өлкө бюджетинин көлөмдүү бөлүгүн түзгөн обьекттин ордун толуктоо үчүн өкмөт эмитен даярдыктарды көрүүсу зарыл дешет. Аткаминерлер жолдор изделип жатканын айтышат. Ошондой эле, кийинки жылдан тарта курулушу токтоп турган обьекттерде иштер жандана турганы да белгиленди. Быйыл тиешелүү каражат жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга жумшалып кетип, айрым иштер токтоп калган болчу.