Кумтөр: Өкмөт Центерра менен мунасага келе албай жатат (видео)

847

Кыргыз өкмөтү жана Кумтөрду иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы жаңы келишим боюнча мунаса табылбай жатат. Бул тууралуу чет элдик » Financial Post» басылмасы жазып чыкты. Анда айтылгандай, өткөн күздө түзүлгөн келишимге кол коюуга Кыргызстандын учурдагы өкмөтү макул болбой, аны изилдеп чыгуу үчүн жолугушууну 3 ирет кийинкиге жылдырган. Кыргыз бийлигинин мындай кадамын жергиликтүү эксперттер дагы колдоп жатышат. Алар мурдагы өкмөт стратегиялык деп аталган келишимди түзүүдө Жогорку Кеңеш жана адистер менен кеңешпей койгонун сынга алышууда.