Кумтөр: сүйлөшүүлөр Женевада эң бай отелдердин биринде өттү (видео)

1673

“Кумтөр” ишканасы боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы сүйлөшүүнүн экинчи раунду качан болот белгисиз. Тараптар бул маселени талкуулай элек. Ошондой эле сүйлөшүүлөр мындан ары уланып же уланбашы да так кесе айтыла элек.

Женева шаарында өткөн жолугушууга барган «Кумтөр Голд компанинин» юрис-консульту Дмитрий Долматов “Центерра Голд” менен болгон сүйлөшүү тууралуу учкай гана маалымат берди. Көрсө, тараптар сүйлөшүүлөрдү сыр кылып сактоо боюнча келишимге кол коюшуптур. Швейцарияга барган кыргыз делегациясы кандай жыйынтык менен кайтып келди жана кендин кийинки тагдыры кандай болот?