Кумтөр улутташтырылабы? (видео)

1034

«Центерра Голд» компаниясы Кыргызстанга Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуш кылды. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков кечээ күнү журналисттер менен жолугушкан учурда билдирген. Бирок жергиликтүү эксперттер бул суроону терең талдоо керектигин айтышууда. Себеби расмий маалыматтар боюнча, Кумтөрдөгү алтын 8 жылдан кийин түгөнөт. Ошол эле учурда, кен казылган аймакта ири экологиялык маселелер бар. Тактап айтканда, карьерди калыбына келтирүү, уулуу калдыктарды сактоочу жайды узак жылдарга чейин кармап туруу иштери бар. Мунун бардыгы абдан көп каражатты талап кылат.