Кумтөр: жоголгон 2 адамды издөөгө альпинисттер тартылды (видео)

2356

Кумтөр кенинде жер көчкү жүрүү коркунучу бар экени алты жыл мурда эле эскертилген. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес, дейт мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү. Кумтөрдө болгон кырсыкта жоголгон эки жумушчу табылбай жатат.

Аларды издөөгө 100дөй куткаруучу, ишкананын кызматкерлери, альпинисттер жана кинологдор тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка таянсак, эки кызматкер жоголгон болжолдуу жер аныкталганы менен ал жакка куткаруучулардын жетиши оор болуп жатат.