Кумтөрдө сууга чөгүп кеткен экскаватор айдоочусунун сөөгү табылды

2901

Кумтөр алтын кенинде сууга чөгүп кеткен машинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу кен казуучу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 15-февраль күнү катталып, анда 54 жаштагы айдоочу Петров көлүнө экскаватор менен кошо түшүп кеткен. Куткаруучулар ал күнү аны таба алышкан эмес. Маркум Барскоон айылынын тургуну болчу. Планга ылайык ишин аткарып жатканда кырсыкка кабылган. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө Кумтөр кенинде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштери 9-январда токтотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.