Кумтөрдө жоголгон 2 жумушчуну издөө боюнча штаб түзүлдү

2864

Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин жоголгон 2 жумушчуну издөө боюнча штаб түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, штабга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Учурда окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 64, ишкананын 28 куткаруучусу иш алып барууда. Дайынсыз жоголгон кызматкерлерди издөө түнкү убакта да жүрүп жатканы маалым болду. Эске салсак, 2 күн мурда Лысый аймагында кендин үйүлгөн жараксыз катмары көчкөн. Анын көлөмү 12 миллион кубга жеткени айтылууда.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча 2 жумушчу жер көчкүнүн алдында калышы мүмкүн. Жоголгондордун бири мастердин жардамчысы болуп иштеген Ак-Суу районунун тургуну Өмүрбек Ишенбеков экен. Экинчиси бульдозердин айдоочусу катары эмгектенген Тоң районунун тургуну Жолдош Жунушев болуп чыкты. Экөөнүн тең иштеп жаткандарына 10 жылдын жүзү болгон. Азыркы тапта, мамлекеттик экотехинспекция кырсык болгон жерди карап, окуя териштирилип жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.