Кумтөрдө жоголгон жумушчуларды издөө иштерине 94 адам тартылган

3786

Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз жоголгон 2 жумушчу дагы деле табыла элек. Аларды издөө иштери 5 күндөн бери улантылууда. Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, куткаруу иштерине 94 адам тартылган.

Арасында альпинисттер, кинологдор, милиция кызматкерлери да бар. Дагы 28 оор техника тартылган. Анын жардамы менен чыгарылган таш аралаш шагылдын көлөмү 74 миң 783 куб метрди, тагыраак айтканда 172 миң тоннаны түзгөн. Адистердин айтымында, көчкүнүн болжолдуу көлөмү 12 миллион 497 миң кубга жеткен.

Эске салсак, 1-декабрда Кумтөр кенин Лысый аймагында жер көчкү катталып, 35 жаштагы Өмүрбек Ишенбеков менен 47 жаштагы Жолдошбек Жунушев дайынсыз жоголгон. Экөө тең түнкү нөөмөттө иштеп жатышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.