Кумтөрдөгү талкаланган мөңгүлөр (видео)

2607

Кумтөр алтын кенинде оор техникаларды тейлөө бөлүмүн көзөмөлдөгөн маалыматтык система ишке кире элек. Мындан улам, анда иштеген кызматкерлер тиешелүү процесстерди жазуу түрүндө ишке ашырып жатышканы белгиленди. Ал эми кендеги карьерлер менен уу калдыктарды сактоочу жайга мониторинг жүргүзгөн онлайн тутум калыбына келтирилген.

Ошондой эле, өткөн аптада Кумтөрдөгү бардык жумушчулардын айлык маянасы толук төлөнүп берилгени маалым болду. Буга чейин төлөө системасына тыштан блок коюлгандыктан, эмгек акыларды төлөө бир аз кечиктирилери эскертилген эле.