Кумтөрдү иштеткен компания Кыргызстандан кетүүнү көздөөдөбү? (видео)

2250

“Кумтөр” кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандан кетүүнү көздөп жатат. Мындай божомолдору менен Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков бөлүштү. Буга аталган компаниянын Нью-Йорк фондулук биржасына акцияларын сатуу үчүн жайгаштырганы себеп болууда.

Канадалык ишкана “Кумтөр” алтын кениндеги үлүшүнүн канча пайызын сатканы жатат — азырынча белгисиз. Бул боюнча жетекчилигинен интервью алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми компаниянын расмий сайтына жарыяланган маалыматка таянсак, мындай кадам америкалык инвесторлорго өзү тууралуу билдирип жана макамын көтөрүү максатында жасалып жатыптыр.