Кумтөрдү жетектөө убактылуу Кыргызстанга өттү (видео)

2263

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын сырттан башкаруучусу болуп Теңгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу дайындалды. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ага ылайык, кечээтен тарта жаңы жетекчи акционердик коомдун финансылык жана административдик-чарбалык ишмердүүлүгүн башкара баштады.

Ошол эле убакта ал аткаруучу жана көзөмөлдөөчү орган түзүү жана чакыртып алуу укугуна ээ болду. “Кумтөр” ишканасынын убактылуу тышкы башкаруучусу дайындалары менен анын алдына коюлган милдеттенмелердин тизмеси узарууда. Ал арада «Центерра Голд» Кыргызстандын акцияларды башкаруу укугун чектегенин билдирди.