Кумтөргө 16 миң гектар жерди ким берген? (видео)

1239

Депутаттар Кумтөрдө алтын казган чет элдик «Центерра Голд» компаниясынын ишмердүүлүгүн дагы бир ирет текшерип чыга турган болушту. Жогорку Кеңеште убактылуу комиссия түзүлүп, ага 12 эл өкүлү мүчө болуп кирди. Парламентарийлердин айтымында, буга чейин иш алып барган комиссиялардын жыйынтыктары өкмөттүн токтомдору кандай аткарылып жатканын текшерип чыгуу зарыл.

Ошол эле убакта буга чейин Кумтөр ишканасынын карамагына өтүп кеткен 16 миң теше жердин тагдыры да белгисиз болуп жатыптыр. Ушуну менен үчүнчү ирет алтын казган канадалык компанияны атайын комиссия текшерүүгө алганы жатат.