Кумтөргө байланыштуу кылмыш ишинде депутаттар да бар (видео)

1817

«Кумтөр Голд” ишканасына тышкы башкаруу киргизип, май айынан тарта алтынды Кыргызстанда калтырууну сунуш кылган мамлекеттик комиссиянын сунушун Жогорку Кеңеш жактырды. Бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында аталган кенде ишмердүүлүк эки айдан бери көзөмөлсүз болуп, мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөөчү система өчүк турганы белгилүү болду.

Айтымдарында, ортоңку звенодогу жергиликтүү адистер калып, жетекчилери чыгып кетишкен. Отурумда депутаттар тарабынан да бир катар сунуштар айтылды. Айрымдары Кумтөрду улутташтырып, чет элдик компания менен Эл аралык сотто коркпой соттошуу керек дешсе, аны таптакыр жаап салууну сунуштагандар да болду.