«Күн балдары» деп аталган өзгөчө бөбөктөр подиумга чыгышты (видео)

1543

«Күн балдары» деп аталган өзгөчө бөбөктөр кайрадан подиумга чыгышты. «Сантерра» борборунун тарбиялануучулары Бишкектиктерге заманбап жана күнүмдүк жашоого ыңгайлуу кийимдердин үлгүлөрүн көрсөтүштү. Арасында улуттук кийимдер дагы бар. Музыка жана бийге шыктуу өзгөчө бөбөктөр подиумда чыныгы модельдерден кем калышпай басышып, өз өнөрүн көрсөтүштү. Өзгөчө мамилеге муктаж балдардын талантына шаар тургундары күбө болушту. Иш-чара баш-аягы төрт бөлүк менен өткөрүлүп, эстрада жылдыздарынын катышуусунда ыр-бийлер менен коштолду.