Күн менен түн тогошкон Нооруз майрамы (видео)

1175

Жер жаңырып — чөп чыкты, желин жарылып — сүт чыкты! Жаркыраган жаз майрамына улай өлкөнүн бардык аймактарында сүмөлөк кайнатылып, оюн-зоок, ыр-бийлер менен коштолгон массалык маданий иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Майрам алдында Ош областынын Ноокат районун борбордук стадионунда 2000ге чукул адамдын катышуусунда «Достук кербени» деген аталыштагы массалык маданий иш-чара болуп өттү. Ал кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган эмгектердин көргөзмөсүнөн тарта, ар кайсы улуттардын тамак-аштарынын сынагы, улуттук оюндар жана боз үйдү ылдам тигүү боюнча таймаштар менен коштолууда.