Күнү-түнү уктабай жүргүнчү ташыган таксисттер көзөмөлгө алынат (видео)

3476

Таксисттерге лицензия берүү эрежесин иштеп чыгууда жумуш убактысына белгилүү бир чек коюу пландалууда. Бул тууралуу Жол кыймылыныны коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Муну такси кызматкерлери ашыгы менен иштеп, аз уктагандыктан жол кырсыгына көп кабылып жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги жеңил автоунаа менен иштеген таксисттерге уруксат кагазын берүү аракетин көрүүдө. Ага ылайык, айдоочулардын жоопкерчилиги каралып, мамлекеттик көзөмөл киргизилет. Долбоор 2022-жылдын биринчи кварталында даяр болуусу күтүлүүдө.