Күнүнө 200 литр сүймөлөк жасап саткан ишкер (видео)

6729

Нооруз майрамына утурлай жер-жерлерде сүмөлөк жасоого даярдыктар башталды. Аны жыл сайын 21-мартка карата салтка айлантып алгандар учурда буудай данын өндүрүп, даярдык көрүп жаткан маалы.

Ошондой эле бул даамды күнүнө жасап сатып, үй-бүлөсүнүн киреше булагына айланткандар дагы бар. Алар учурда сүмөлөктүн 1 литрин 250 сомдон сатышууда. Айтымдарында, майрамдык тамактын бул түрүн Ноорузда эле эмес, жыл бою пайдаланса болот.