Куралдуу каракчылыкка шектелген кыздар кармалды

774

Бишкекте курал менен дүкөндү тоногон, деп шектелип жаткан үч кыз колго түшүрүлдү. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, 18-19 жаштагы кыздар дүкөндүн сатуучусуна бычак такап коркутушуп, кассадагы болгон акчаны алып кетишкен. Тартип сакчыларынын айтымында, жыл башынан бери Бишкек шаары боюнча эле 26 «каракчылык» фактысы катталган. Ал эми жалпы республика боюнча куралдуу кол салуулардын саны 43кө жеткен. Белгилей кетүүчү жагдай, кылмышка баргандардын басымдуу көпчүлүгү — жаш балдар.