Куралдуу күчтөрдүн жоокери өзүн-өзү атып өлтүрдү

739

Куралдуу күчтөрдүн абадан коргонуу бөлүгүндө жоокер өзүн-өзү атып өлтүрдү. Башкы штабдан кабарлашкандай, окуя бүгүн саат экилер чамасында болгон.

Маалыматтарга караганда, 22 жаштагы жоокер Ноокат районунан аскерге чакырылган. Ал постто кызмат өтөп турган маалда өзүн-өзү атканы айтылууда.

Бул факты боюнча абадан коргонуу бөлүгүндө кызматтык иликтөө жүрүп жатат.