Куралдуу күчтөрүнүн ардагери кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж (видео)

6595

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ардагеринин эки бөйрөгү өнөкөт ооруга чалдыгып, өмүрү гемодиализге байланып калгандыктан, ал коомчулуктун жардамына муктаж. Ага Түркиядагы ооруканалардын бири операция жасай турганын билдирген. Бирок, бул үчүн 20 миң доллар керек болууда.

Өмүрүн аскер тармагына арнаган ардагердин үй-бүлөсүндө мындай ири суммадагы каражат жок болууда. Учурда бейтап жумасына үч жолу Бишкектеги жеке клиникалардын бирине каттап гемодиализ алууда. Дарыгерлер болсо операцияны тездетүү керектигин айтышууда.