Куралы барлар сыйланат (видео)

4031

Бишкекте тапанчадан ок чыгарган 19 жаштагы жигит кармалды. Аталган факты Ленин райондук милициясы тарабынан калктуу конуштарда куралдан ок атуу беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Шектүү коопсуздук агенттигинин ыкчам аракеттенүү тобунда иштээри айтылган. Бирок алар бул маалыматты четке кагышты.

19 жаштагы жарандын курал колдонууга уруксат кагазы болгон эмес деген маалыматтар бар. Ал ортодо Ички иштер министрлиги мыйзамсыз курал жарак, ок-дарыларды сактап жүргөн адамдарды өз эрки менен тапшырууга чакырууда. Аларга акчалай сыйлык дагы каралган.