Кургактагы аскерлердин түзүлгөнүнө бир жыл болду (видео)

1252

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндөгү Кургактагы аскерлердин түзүлгөнүнө бир жыл болду. Чуй областынын Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө мыкты кызматы үчүн бир катар жоокерлер менен офицерлерге сыйлыктар ыйгарылды. Соңку бир жыл аралыгында кургактагы аскерлер күжүрмөн даярдыкта бир топ ийгиликтерге жетишкен. Аймактык жана эл аралык деңгээлдеги машыгууларда кыргыз аскерлери жогорку кесиптик чеберчилигин көрсөтүшкөн.