Курил аралында иш таштаган кыргызстандыктардын маселеси каралууда

787

19-май күнү Орусиянын Түндүк Курил шаарында курулушта иштеген кыргызстандыктар иш таштаган. Буга алардын айлык акысын бир нече ай бою албаганы себеп болгон. Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча Түндүк Курил шаарынын жетекчилиги менен байланышып, иш алып барууда.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык курулушчулардын айлык акы маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Бул ишти жөнгө салууга мэрия, жергиликтүү депутаттар, полиция, прокуратуранын жана иш берүүчү «СПИРО» компаниясынын өкүлдөрү катышкан атайын жыйын болгон. Бирок ишкана айлык акы буюртма берген тараптан төлөнбөй жатканын билдирген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Түндүк Курил шаарынын вице-мэри Александр Овсянниковдон бул маселенин эртерээк, калыс чечилишине көмөктөшүүнү суранган. Мындан тышкары, Сахалин облусундагы консулдук да кыргызстандык курулушчулар айлык акысын алышы үчүн чара көрүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча Орусиянын булуң-бурчтарында иштеген кыргызстандыктар 650 миңден ашат. Расмий эмес маалыматтарда бул көрсөткүчтөр алда канча көп экени айтылып жүрөт.