Курман айт майрамына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы 5 күнгө жабылды

1302

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Бул кытай тараптын демилгеси. 1-5-сентябрь күндөрү эки өлкө ортосунагы «Эркеч-Там» өткөрүү пункту жабылды.

Аталган бекет 6-сентябрдан баштап кадимки тартипте иштей баштайт. Белгилей кетсек, ар кандай майрам күндөрү Кытай мамлекети өзү чектешкен өлкөлөр менен чек ара аркылуу каттоого чектөө киргизет.