Курман айттын так датасы белгилүү болду

1058

Кыргызстанда Курман айт качан болору белгилүү болду. Мусулмандарды тынчтыкка, ынтымакка, боорукердикке жана кайрымдуулукка үндөгөн, ыйык деп эсептелген маанилүү майрамы быйыл 11-августта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүргөн жарандар Мекке шаарындагы Арафат өрөөнүндө болушмакчы. Адатта Курман айт орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет. Орозо быйыл 5-июнда аяктаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.