Курманбек Бакиев 10 жылга соттолду

1136

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту качкында жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын иниси Жаныбек Бакиевди 10 жылга сыртынан соттоду. Бакиевдер Бишкектин четиндеги 262 гектар айыл чарба жерин курулуш жерине мыйзамсыз которууга айыпталышкан.

Судья Дамирбек Назаровдун айтымында, Курманбек Бакиевге чыккан башка өкүмдөрдүн жыйынтыгында ал жалпысынан 30 жыл түрмөгө кесилди, анын иниси – Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылды.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Карганбек Самаков 10 жылга камалды. Чечимге ылайык, 2010-2011-жылдагы муныпыс эрежеси менен Самаковдун жаза мөөнөтү үчтөн бир бөлүккө кыскарат. Мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги камакта өтөйт.

Экс-депутат менен кошо анын уулу Кубанычбек Самаков, санаалаштары деп айтылган Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев сегиз жылга камалышты. Мунапыс эрежеси менен жаза мөөнөттөрү үчтөн бир бөлүккө кыскарат.

Судья Дамирбек Назаров кесилгендер күчөтүлгөн тартиптеги абакка камаларын белгиледи. Кылмышка тиешеси бар деп айыпталган экс-премьер министр, парламент депутаты Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер министри Искендербек Айдаралиевге 5 миллион сом айып пул салынды.

Аларга 2008-жылы Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деген айып тагылган. Иш Кылмыш кодексинин 303-беренеси (Коррупция) менен ачылган. Соттолгон тарап өздөрүн күнөөсүз экенин айтып келет. Жакындары эми жогорку инстанцияга кайрылмакчы.