Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган токтом артка кайтарылат

6014

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган токтом артка кайтарылат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев билдирди. Учурда Бакиевдин сүрөтү тартылып, аты-жөнү жазылган такта алынып салынган.

Эске салсак, Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөлөрүнүн бирине Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин аты берилгени белгилүү болуп, ал коомчулуктун катуу сынына кабылды. Тиешелүү чечим айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган.

Кыянбек Сатыбалдиевдин билдирүүсүнө караганда, кабыл алынган токтом мыйзамсыз. Бул тууралуу райондук жана областтык бийлик өкүлдөрү кабардар болгон эмес. Ошондой эле мындай аракетке жол берген тараптар жазалана турганы да белгиленди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.