Курсан Асановдун адвокаты «алдамчылык» боюнча айыпталууда

779

Кылмыш иши козголгон милициянын генерал-майору Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов кармалды. Ал «алдамчылык» боюнча айыпталууда. Бишкек шаардык милициясынан маалымдашкандай, жактоочу жана анын уулунун үстүнөн 2 арыз түшкөн. Алардын бири Икрамидин Айткулов алдоо жолу менен 5500 долларды алып алганын билдирген. Ал эми экинчи арыздын ээси адвокаттын баласы 31 миң доллар карыз алып, аны бербей койгонун билдирген. Бирок доогер Айткулов карыз төлөөнү өз мойнуна алганына карабастан, акчаны кайтарып берген эместигин айткан.

Икрамидин Айткуловдун үстүнөн түшкөн арыз алгач Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен катталып, кийин Башкы прокуратурага андан соң, кошумча текшерүү үчүн иш кайра Ички иштер министрлигине кайтарылып берилген. Быйыл январь айында мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн бул Бишкек шаардык милициясына өткөрүлгөн.

Аталган факты кылмыштар жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, «алдамчылык» беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Икрамидин Айткуловго айыбы угузулуп, адвокат убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азырынча жактоочунун үстүнөн арыз жазган ким жана 5500 долларды эмне себептен бергени боюнча так маалымат айтыла элек.

Эске салсак, Икрамидин Айткулов акыркы учурда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Буга чейин адвокат Курсан Асановдун ишин иликтөө бүткөнгө чейин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.