Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду

719

Мурдагы ички иштер министри Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду. Документтер аскер прокуратурасына берилип, өзүнчө иш ачылганы белгилүү болду. Аскер прокуратурасы берген маалыматка ылайык, Курсан Асанов атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындап алган. Бул боюнча милициянын генерал-майорунун аракетине баа бериле турганы кабарланды.

Эске салсак, Дамирбека Пайзылда уулу — Курсан Асановдун жан сакчысы жана айдоочусу. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп Аскер прокуратурасы тарабынан айыпталып, 24-августта кармалган.

Маалыматтар боюнча, Курсан Асановго баш-аягы төрт кылмыш иши козголгон экен. Мында “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча 3, ал эми “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча бир иш ачылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.