Курсанттардын 95%ы айдоочулук күбөлүк алуудагы сынактан кулап калууда

2425

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыруу татаалдашкандан кийин, курсанттардын 95 пайызы сынактан кулап калууда. Жакындан бери курсант өзү гана сынак тапшыра алчу биометрикалык идентификация киргизилген. Андыктан анын ордуна башка бирөө бара албайт.

Ага кошумча, суроолор эки эсеге көбөйтүлгөн. Эми 20 суроонун 18не жооп берген киши гана айдоочулук күбөлүк ала алат. Мындан тышкары, экзамен тапшыруунун жүрүшү онлайн режимде түз көрсөтүлүүдө. Жаңы эрежелер киргизилгенден бери, экзаменди ийгиликтүү тапшыргандардын саны кескин кыскарган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына 100 миңдин тегерегинде айдоочулук күбөлүк берилет.