Күрт автономиясынын шайлоо комиссиясы референдумду өттү деп жарыялады

920

Күрт автономиясынын шайлоо комиссиясы 25-сентябрдагы референдумду өттү деп жарыялады. Расмий маалыматка караганда, добуш берүүгө ага укуктуу калктын 72%дан ашууну катышып, 92,7%ы автоном аймактын көз карандысыздыгын колдошту. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.

Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыяланардан бир аз мурда Ирактын парламенти Киркук аймагына аскерлерди жөнөтүү резолюциясын жактырды. Күрт автономиясынын бийлиги ал жерди өз аймагы катары эсептейт.

Парламент Ирактын премьер-министри Хейдар аль-Абадини өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калуу боюнча чараларды көрүүгө жана армияны талаштуу аймактарга жөнөтүү буйругун берүүгө милдеттендирди.

2014-жылы ирактык Күртстандын пешмерга куралдуу топтору Киркукту өз көзөмөлүнө алышкан. Күрт автономиясынын өкмөтү ал аймакты 25-сентябрда өткөн көз карандысыздык тууралуу референдумга киргизген.

Багдад референдумду Конституцияга каршы келет деп эсептөөдө. Ирактын премьер-министри добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууга чакырды. Күрт автономиясынын көз карандысыздыгына өз аймактарында көп сандаган күрттөр жашаган коңшу Түркия менен Иран да каршы болууда. Тегеран менен Багдад аймакта жикчилдик маанайдын күчөшүнөн кооптонууда.