Курултайдын катышуучулары бийликке кайрылуу жолдоду (видео)

665

Бишкекте өткөн курултайдын катышуучулары бийликке бир нече пункттан турган кайрылуу жолдоп, аны аткарууга 5 ай убакыт берди. Эгер 2019-жылдын 7-апрелине чейин өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүү үчүн кеңешме түзүлбөй, Кумтөр келишими жоюлбаса, Алмазбек Атамбаевдин президенттик башкаруу учурундагы аракеттерине укуктук баа берилбесе, эл тарабынан кол чогултуу башталмай болду.

Ошондой эле, делегаттар мурдагы бийликтин тушунда саясий куугунтукка кабылып, кылмыш иши козголгондорду актоону өтүнүштү. Мындан тышкары, элдик жыйында азыркы президенттен бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу талап кылынды.