Курулуш тармагындагы коррупциялык долбоорлор (видео)

901

Капиталдык салым боюнча курулуштардын баасынын негизсиз жогорулатылганынан мамлекет капчыгына 45 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда Эсептөө палатасынын жетекчиси маалымдады. Фракциянын жыйынында өкмөт мүчөлөрү капиталдык курулуштар боюнча отчёт беришти. Аткаминерлердин алешемдигинен курулушка кирген обьектилердин 75 пайызынын сметалык документтери жок болуп чыккан. Бул мыйзамсыз көрүнүш экенине карабай 11 жылдан бери көз жумулуп келген.