Курулушта кулап кетип баспай калган Азизбекке жардам керек (видео)

2725

Иш учурунда кырсыктаган 30 жаштагы Азизбек Азимкул уулу эки жылдан бери төшөктөн тура албай келет. Ал курулушта иштеп жүрүп, кулап кетип баспай калган. Азизбектин моюн омурткаларына доо кетип, жүлүнү кысылып калган. Ага Бишкектеги ооруканалардын биринде операция жасалган.

Бейтап толук сакайып кетиш үчүн чет өлкөдөн реаблитациядан өтүүгө муктаж. Ал үчүн ири суммадагы каражат зарыл. Баласына кам көрүү үчүн ата-энеси айылдагы үй-жайын таштап борбор калаада жашоого аргасыз. Оор күндөрдү башынан өткөрүп жатан 30 жаштагы Азизбектин бутка туруп кетем деген үмүтү чоң.